Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы көчкү басып калган альпинисттин тек-жай аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя кечээ кечке маал болгон. Анда көчкү Сары-Мойнок ашуусунда 6 альпинист радиоантенна коюп жатканда түшүп, Майрамбек Абдылдаевди басып калган. Дагы бир альпинист Михаил Кузьмин жабыркаган. Учурда окуя болгон жерде 16 адам көчкү баскан адамды издөө иштерин жүргүзүүдө.(BkA)