Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Жалал-Абадда “Хизб-ут Тахрир” уюмунун 7 аял мүчөсү кармалды

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин Экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин операциясынын жыйынтыгында Кыргызстанда тыюу салынган  “Хизб-ут Тахрир” уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү кармалган.  Алардын жанынан аталган уюмга тиешелүү ар кандай баракчалар табылган. Кармалгандардын баары 20-25 жаштагы айымдар. Алар интернет аркылуу уюмдун идеяларын жайылтып жүргөн. Учурда бул боюнча атайын экспертиза дайындалып, кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG