Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Украина Орусиянын Тергөө комитетинин кызматкерлерине иш козгоду


Украинанын Башкы прокуратурасы Орусиянын Тергөө комитетинин кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Алар украин тартип коргоо жана башка мекемелеринин ишине кийлигишкен жана террорчул уюмга көмөктөшкөн деп айыпталууда. Бирок азырынча алардын аты-жөнү айтыла элек.

Мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул кадам Орусияда Донбасстагы согушту жүргүзүү ыкмалары жана тыюу салынган каражаттарды колдонууга байланыштуу кылмыштарды иликтөө деп аталган башкармалык түзүлгөнүнө жооп болуп эсептелет. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Орусия украин аскерлерин, анын ичинде учкуч Надежда Савченкону орус журналисттерин өлтүргөн деп куугунтуктап жатышын Украинанын мамлекеттик органдарынын ишине кийлигишүү деп атоодо.

Орусиянын Тергөө комитети жакында "Украинанын түштүк-чыгышындагы орус тилдүү калкка каршы геноцид" деп кылмыш иш козгоп, украин бийлиги Донбасста 2,5 миң адамды өлтүрдү деп айыптаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG