Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Сот Каталониянын эгемендиги боюнча референдумду токтотту


Испаниянын Конституциялык соту быйыл ноябрда Каталония облусунун көз каранды эместиги боюнча референдум өткөрүү тууралуу декретти токтото туруу чечимин кабыл алды. Соттун токтому бул референдум Испаниянын мыйзамдарына каршы келбейби деген маселени изилдөө зарылчылыгына негизделгени айтылды.

Мындай өтүнүч менен Конституциялык сотко испан өкмөтү кайрылган. Премьер-министр Мариано Рахойдун пикиринде, бул референдум өлкөнүн Конституциясына каршы келет.

Жекшемби күнү Каталониянын башчысы Артур Мас референдумду 9-ноябрда өткөрүү тууралуу токтомго кол койгон. Каталония Испаниянын эң бай жана өнөр жайы өнүккөн аймактарынын бири болуп эсептелет. Көз каранды эместикти жактагандардын саны өлкөдө экономикалык кризис күчөп, үнөмдөө чаралары катуулагандан бери кескин өстү. (RK)

XS
SM
MD
LG