1-октябрда өлкөнүн, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 13...18,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17,
Баткен облусунда түнкүсүн 10...10, күндүз 15...20,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13...18, күндүз 17...23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 12...17,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Бишкек шаарында кечинде жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 9…11, күндүз 14…16 градус жылуу болот.