Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Орусия ФЛЕКСтен баш тартты


Орусия FLEX (ФЛЕКС) деп аталган орус-америкалык билим берүү программасынын алкагында келерки окуу жылда кызматташуудан баш тартты. Бул тууралуу АКШнын Москвадагы элчилиги кабарлады. Америка тарап билим берүү тармагында бекем кызматташтыкка жол ачкан бул программадан орус тарап чыгып жатканы өтө өкүнүчтүү экенин билдирди.

FLEX аркылуу миңдеген орусиялык жаштар АКШнын окуу жайларында билим алып, америкалык үй-бүлөлөрдө жашап, коомдук турмушка катышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Бул программа 1992-жылы сенатор Билл Брэдлинин демилгеси боюнча ачылган. Кансыз согуш жылдары бири-биринен алыстатылган эки элди жакындатуу максатын көздөгөн FLEX долбоорун толугу бойдон АКШ өкмөтү каржылайт.

XS
SM
MD
LG