Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Баткен: электр жарыгы 12 саат өчүрүлүп жатат


Баткен шаарында 12 саатка жакын электр энергиясы өчүрүлүп жатат. Мындай маалыматты “Кызыл Дөң” кварталынын жашоочулары “Азаттыкка” билдиришти. Алардын айтымында, акыркы аптада күндүз алты саат, түнкүсүн алты сааттан электр кубаты эч кандай эскертүүсүз эле өчүрүлүп жатат.

Ал эми Баткен райондук электр тармактар бөлүмүнүн башчысы Каланбек Маркаев болсо өкмөттөн электр энергиясына чектөө киргизүү боюнча буйрук болбогондугун айтууда. Бирок Баткен району жана Баткен шаары үчүн бөлүнүп берилген электр лимитинен пайдалануу ашып кеткендиктен ушундай аракет болуп жатат. Буга чейин өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгына байланыштуу электр энергиясын пайдаланууга 30 пайыздык чектөө киргизген.(JsA)

XS
SM
MD
LG