Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Жогорку Кеңеш Турганбаевди ички иштер министрлигине жактырды


Жогорку Кеңеш депутаттары Мелис Турганбаевдин талапкерлигин Ички иштер министрлигине жактырды. Турганбаевдин талапкерлигин жыйынга катышкан 88 депутаттын баары колдоду. Жыйын жүрүшүндө Турганбаев кызматка киришсе, ички иштер тармагын реформалап, аны министрликтин курамын өзгөртүүдөн баштай турганын билдирди. Ошондой эле талапкер министрликтин кадыр-баркын көтөрүүгө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүүгө убада берди.

Мелис Турганбаев 16-сентябрда министр Абдылда Суранчиев кызматтан кеткен соң анын ордуна ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG