Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Кыргызстан карыларга камкордук көрүү боюнча 49-орунду ээледи


Бул тууралуу HelpAge International уюму түзгөн карыларга камкордук боюнча баяндамада айтылат. Анда 60 жаштан өткөн жарандарга көрүлгөн социалдык камкордук, түзүлгөн шарт камтылган. Global AgeWatch Index аттуу рейтингге 96 өлкө катышкан. Анын ичинен карыларга эң камкор өлкө катары Норвегия табылган. Андан кийинки орунда Швеция, Швейцария, Канада жана Германия турат.

Мурдагы Советтик өлкөлөр ичинен 20-орунду Эстония ээлесе, Грузия -28, Латвия – 35, Армения 40-орунда экени көрсөтүлгөн. Бул өлкөлөрдөн соң Кыргызстан 49-орунга чыккан.

Ал эми Тажикстан 61-баскычта, Орусия 65-орунда. Рейтингде Казакстан, Өзбекстан тууралуу маалымат айтылган жок.

Бүгүн карылардын эл аралык күнү. (BkA)

XS
SM
MD
LG