Кыргызстан боюнча электр энергиясын 3 фазада алган 13 миңге жакын колдонуучунун электр жылыткычтары өчүрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
4-сентябрда чыккан өкмөт токтомуна ылайык, сауна-мончолордо, кафе-ресторандарда, курулуш объекттеринде, автоунаа жуучу жана оңдоочу жайларда электр энергиясын сууну, имаратты жылытуу чн колдонууга тыюу салынган.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча электр энергиясын 3 фазада колдонгондордун саны 125 миңден ашат. Алардын 80 миңге жакыны үйлөрүндө электр мештерин колдонот. Өкмөт быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгондуктан электр энергиясына чектөөлөрдү киргизген. (UEz)