Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасына иш козголду


Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган сот облустук прокуратуранын өкүлү менен биргеликте Аксы райондук сотунун төрагасы Эрлан Токтосуновдон коркутуу жолу менен пара талап кылган. Судья ал каражатты берген. Бирок кийин параны алгандар өз убадасын аткарбаганы үчүн Токтосунов бул факт боюнча укук коргоо органдарына арыз жазган. Анын негизинде облустук сот төрагасы алган акчаны кайтарып берип жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча 1-октябрда башкы прокурор Аида Салянова тарабынан облустук сот төрагасына карата “пара алууга катышуу" беренеси боюнча кылмыш иш козголду.

Ошондой эле аталган сот төрагасы жетектеген коллегия 2013-жылы мал уурулукка шектелген адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып жиберген. Кийин бул адам качып кетип, быйыл август айында киши өлтүрүүгө катышканы дайын болгон. Бул факт боюнча да сот төрагасына тиешелүү чара көрүү боюнча өтүнүч Соттор кеңешине жиберилди.(BkA)

XS
SM
MD
LG