Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Парламент Бажы биримдиги боюнча мыйзам долбоорлорду кароодо


Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигинин шарттарына ылайыкташуу боюнча 38 мыйзам долбоорун даярдады. Бул тууралуу бүгүн парламентте экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 112 нормативдик-укуктук документ иштелип чыкты. Даярдалган мыйзам долбоорлордун 16сы Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Бүгүн аны парламент жалпы жыйында карай баштады.

Экономика министри кошумчалагандай, бул мыйзамдарды Жогорку Кеңеш кабыл алган соң атайын түзүлгөн мекемелер аралык комиссия Бажы биримдигине кошулуу боюнча келишимди даярдамакчы.

Буга чейин кыргыз өкмөтү өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусу боюнча мыйзам долбоорлордун топтомун жактырган.

29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды жыл аягына чейин Бажы биримдигине кошуу ниетин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG