Бул тууралуу өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Анын айтымында, бул лицензиялардын 47и алтын кендерин казууга берилген. Дал ушул алтын кендерине берилген лицензияларга байланыштуу учурда бир катар маселелер чыгып жатканын Зилалиев моюнуна алды. Ал эми лицензиялардын 80 пайызы баалуу эмес металлдарды казууга берилип, анда көп талаш жок.
Бүгүн Ысык-Көлдө Кен казуудагы чыр-чатактын алдын алуу боюнча улуттук конференция жыйын өтүүдө. Кыргызстанда кен казган компаниялар менен жергиликтүү калк ортосунда чыр-чатактар көп катталат. Буга чейин кен чыккан аймактагы калктын нааразылыгынан улам бир катар компаниялар ишин токтотууга мажбур болгон.(BkA/GA)