Кыргызстандык беш режиссердун тасмасы Нью-Йорктогу Евразиялык тасмалардын фестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Кинематографияны өнүктүрүү департаментинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 11-октябрда башталчу фестивалда режиссер Марат Сарулунун “Көч”, Садык Шер-Нияздын “Курманжан Датка”, Руслан Акундун “Өтмөк”, Наргиза Маматкулованын “Зефир” жана Алижан Насировдун “Кара далы” аттуу тасмалары көрсөтүлмөкчү.
Аталган кинофестивал Евразиядагы кинонун жетишкендиктерин башка аймактарга көрсөтүү максатын көздөйт.(BkA)