Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Азиада: Боксчу Турат Осмонов коло байге алды


Түштүк Кореяда өтүп жаткан 17-Азия оюндарында кыргыз мушкери Турат Осмонов коло байгенин ээси болду. Ал 49 кг.салмактагылар арасында жарым финалда казакстандык Биржан Жакыпов менен беттешип, утулуп калды. Осмонов буга чейин ирактык жана монголиялык боксчуларды жеңип, жарым финалда таймашка чыккан эле.

Азия оюндарынан учурда кыргыз спортчулары алты медал утту. Буга чейин кыргызстандык спортчулар арасынан велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөшчү Эламан Догдурбек уулу, күрөшчү кыз Айсулуу Тыныбекова жана грек-рим балбаны Жанарбек Кенжеев коло байгенин ээси болгон. 19-сентябрда башталган Азия оюндары 4-октябрда аяктайт.(ECh)

XS
SM
MD
LG