Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

БУУ: Ирактагы “аскерий кылмыштарды” айыптады


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган радикал топ жана башка согушкерлер Ирактын түндүгүндө “аскерий кылмышка тете” укук бузууларга барды. Бул тууралуу БУУнун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Анда 6-июлдан 10-сентябрга чейин бул аймакта адам укуктарын одоно бузган учурлар катталганы белгиленген. Ага массалык адам өлтүрүүлөр, сексуалдык кулчулук үчүн кыз-келиндердин уурдалышы, жаш балдарды жоокер катары согушка пайдалануу кылмыштары киргизилген.

Докладда радикал исламчыл топтордун чабуулунан дээрлик 10 миң адам өлгөнүн, 1,8 млн. ирактыктар өз үйлөрүн таштап кетишкени жазылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG