Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Кобани шаарында кырдаал курчуду


Түркиядан көп алыс эмес Сириянын түндүгүндөгү күрт калктуу Кобани шаарында “Ислам мамлекети” тобу менен күрт согушкерлеринин ортосунда күрөш курчуду. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобу “Ислам мамлекети” уюму Кобаниге жакындап баратканын билдирүүдө.

АКШ башында турган коалициялык күчтөр “Ислам мамлекетинин” Кобанидеги турумуна беш жолу абадан сокку ургандан кийин абал курчуганы айтылууда.

Сентябрдын ортосунда “Ислам мамлекети” тобун Кобаниге киргизбөө үчүн сириялык күрттөрдүн согушкерлери каршы алып, эки ортодо айыгышкан уруш жүргөн. Мындан улам Түркияга 150 миңдей сириялык күрттөр өтүп келген.

1-октябрда Британия байкоочулардын маалыматына таянып, тогуз күрт согушкери Кобанидеги салгылашууда кармалганын, Алар “Ислам мамлекети” тобу тарабынан өлтүрүлгөнүн билдирди. Алардын үчөө аял болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG