Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Максим Бакиев досун кантип куткарган?


Евгений Гуревич.
Евгений Гуревич.

Кыргыз гезиттери Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына, оппозиция лидерлеринин Оштогу үзгүлтүккө учураган митингине жана Евгений Гуревичтин Кыргызстандан кантип качып чыкканына байланыштуу макалаларды басты.

"Асаба" гезитинин бүгүнкү санына социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин “Мен да өкмөттүн кийимин кийип чоңойгом” деген, “Бир бол” партиясынын мүчөсү Досалы Эсеналиевдин “Кызматка тепкич менен эмес, секирик менен келишүүдө” деген, мурда Баткенде эки жолу губернатор болгон, азыр БГУда сабак берип жаткан Султан Айжигитовдун “Кимдер бизди тактеке ойнотуп олтурат, билесиздерби?” деген интервьюларына окурмандардын көңүлүн бурду. Маселен, Султан Айжигитов көп партиялуулукка токтолуп, учурда 182си каттоодон өтүп, анын бешөө Кыргызстанды башкарып жатканын, бул “кокту-колоттун” партиялары демократия деп коюп, сырткы күчтөрдүн Кыргызстандын элине тарткан “учасы” болорун, түбүндө “силер уча жеп алаксый бергиле, мен башкарып турайын” деген эле саясат экенин, жалпылап айтканда партиялар жалпы Кыргызстандын коомчулугун бириктире албай койгонун, анткени ушул партиядагылар эле бийликте олтуруп, ушул партиядагылар эле бийликке умтулуп, партияга кирбеген көпчүлүктүн өкүлдөрү же жалпы эл сыртта калып жатканын айтып, парламенттик системаны сынга алды.

Журналист Кайрат Кенжебай уулунун макаласы “Манасчылардын мекени – Ак-Өлөң” деген ат менен жарык көрдү. “Түрмөгө түшкөн ыр” деген рубриканын алдында ушу тапта түрмөдө олтурган бир автордун зээниңди кейитип, көзүңдөн жаш чыгарган, кызы күйөөгө чыкканда тоюна катыша албай, кудагыйына каалоо-тилегин түрмөдө олтуруп жазган ыры тартууланды.

“Асман плюс” гезити аркылуу депутат Өмүрбек Абдрахманов Ош шаарына барып эл менен жолугушалы деген ойлорун бийлик ишке ашырбай койгонун, эл революция болуп кетсе калк көтөрө албайт деп коркпошу керектигин, кайра төңкөрүш болсо деле эл көтөрө берерин, кокус аны Атамбаев 20 жылга камайм десе, Америкага качып кете берерин, качып барып интернеттин өнүккөн заманы болгондуктан, Америкадагы интернет аркылуу тынч жатып алып, согуша берерин айтып маек курду.

Акыйкатчынын аппарат кызматкери Токтокан Абдырахманованын маеги “Секелек кызга дем салам деп зордуктап салыптыр” деген ат менен кыз зордуктаган молдо жана башкалар жөнүндө айтып берди. Гезиттин кабарчысы Динара Бейшеналиевага күүчү Кенжебек Алдаяр кокус комуз чертпегенде акылынан айнып кетмегин кеп кылып, ыймандай сырын төктү.

“Айат” гезитине Улуу манасчы Саякбайдын 120 жылдыгы Тоңдо районунда чоң салтанат менен өткөнүн сөз кылган. Тоңдун акими Бакыт Рыспаев тойдо жүзгө жакын боз үй тигилгенин, театралдашкан оюн көрсөтүлүп, борбордон келген атактуу ырчылар тойдун көркүн чыгарганын, кунан чабышта Чүйдүн кунаны, жорго салышта “Көчмөндөр оюнунда” 800 миң сом байгени утуп келген Тоңдун жоргосу дагы алдыда келип “Мерседес” машинасын утуп алганын, аламан байгеде Тоңдун Төрт-Күлүндөгү Эсенаманов Койчубектин күлүгү озуп келип 7 миң долларлык 100 баш боз үйгө ээ болгонун, мындан тышкары бүркүт салынып, салбуурун болгонун баяндады.

“Азия ньюс” гезити “Бакиев “куйруктары” Ошто бандиттик башкарууну күчөттүбү?” деген маалымат басты. Анда оппозиция мүчөлөрү Назарбек Нышанов, Самсаалы Четинбаев, Дайырбек Орунбеков, Артур Медетбеков, Адилет Айтикеев, Мукар Чолпонбаевдер өз ойлорун айтуу менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковду, Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаевди, булар менен кошо азыркы бийликти сынга алып чыгышты.

Бегимай Бакашеванын макаласы “Сирияда сегиз кыргыз каза болду” деген ат менен жарыяланды. Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулайманов интервью берип, УКМК жаз айларынан бери эле өтө чоң маалыматтык иш-чараларды жүргүзүп келатканын, бүгүн такталган маалымат боюнча Кыргызстандын 150 жараны Сирияда жүргөнүн, алардын 29у Коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалганын, арасында эки кыз да болгонун, алардын бирин түрк жараны алдап, андан кийин “мага күйөөгө чык” деп Түркияга алып барып, андан ары Сирияга алып кирип кеткенин, жакында жалданма адамдарга колдонулуучу жазаларды күчөтүү боюнча кылмыш жазасынын беренелери күчөтүлүп, аны кабыл алып берүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизилгенин билдирди.

“Параграф” гезити тилинде тикени бар акын Кадырбек Керимбаевдин же өзү жазгандай Саяковскийдин саясатчылар Марат Кайыпов менен Исках Масалиевге арнаган ырларын басты.

Ушул эле гезит “Максим Бакиев Гуревичти Белоруссияга алып чыгып кетүү үчүн 2 млн. доллар төлөгөн” деген ат менен мындан эки күн мурда жазып чыккан чет өлкөлүк басылмадан алынган маалыматты тартуулады. Филипп Шишкин атуу автордун китебинен алынган үзүндүдө “Кыргызстандагы эң эле издөөдөгү адам: Евгений Гуревичтин болуп көрбөгөндөй окуясы” деп аталып, Гуревич Бишкектеги квартирасында жатканда ага чечендер келишкенин, алар анан аны Алматыга алып кетип, 20 миллион доллар талап кылышканын, айласы кеткен Гуревич АУБ банкында 600 миң доллары барын, бирок анысы күйүп кеткенин, башка бир банкта 400 миң доллары барын айтканын, чечендер банкка чалып, тигинин айткандарынын чын-төгүнүн текшерип чыгышканын, анан айткан акчаларынын баарын жана Гуревичтин паспортун алып кете беришкенин, Гуревичти болсо Алматыдан Максим Бакиев чыгарып кеткенин жазып чыкты Шишкин.

XS
SM
MD
LG