Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Путин: Санкцияга туш болгон компанияларга колдоо көрсөтүлөт


Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада инвестициялык конференцияда сүйлөп жатып Батыштын санкциялары Орусиянын өнүгүп келаткан экономикасын токтото албайт деп билдирди. Ал Орусия базар экономикасы ачык өлкө катары өнүгүшүн жана бул өлкө ошого аракет кыларын белгиледи. Анын айтымында, ушундай стратегиялык курс өзгөрүүсүз кала берет.

- Мамлекет Батыштын «жөн жерден» киргизген санкцияларына туш болгон компанияларды колдоого даяр. Биз албетте алардын капиталынын көбөйүшүнө көмөктөшөбүз.

Буга чейин Украинадагы кырдаалга байланыштуу Европа Биримдиги жана АКШ Орусияга каршы бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Путин бул санкциялардан соң өлкөдө салык көбөйтүлбөгөнүн кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG