Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Ош: Садиевдин өлүмүнө айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылды


Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун жакыны Жеңиш Садиевди өлтүрдү деп айыпталган Ислам Султанов жана Таалай Нуриев өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бейшембиде Кара-Суу райондук соту кабыл алды. Сот аталган адамдар Садиевди жеке келишпестиктен улам өлтүргөнүн, бардык күнөөлөрү далилденгенин билдирди.

Жеңиш Садиевди быйыл 30-апрелде Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы үйүнөн атып кетишкен. Чачма мылтыктын огунан жараат алган 37 жаштагы Садиев ооруканада жан берген. (YI/BkA)

XS
SM
MD
LG