Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Кыргызстандагы немистер жөнүндө көргөзмө өтүүдө


Бүгүн Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде «Немистер Кыргызстандын тарыхында» аттуу көргөзмө ачылды.

Көргөзмөнүн башкы максаты – Кыргызстандагы немистердин тарыхын жана алардын өлкөнүн экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымын Кыргызстандын кеңири коомчулугуна жана дүйнөлүк коомчулукка көрсөтүү. Ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын интеграциясынын жана кызматташтыгынын андан аркы жолдорун чагылдыруу.

Көргөзмөдө негизинен ХIХ – ХХ кылымдардын экинчи жарымында Кыргызстан башынан кечирген тарыхый процесстер жана Кыргызстандын тарыхына салым кошкон немис элинин турмушу чагылдырылган.
Аталган иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган. Бул көргөзмө тарых музейинде үч айга созулуп, андан ары Ош, Жалал-Абад шаарында да өткөрүү пландалган.(ZA)

XS
SM
MD
LG