Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Сирия: күрт күчтөрү артка чегинүүдө


Сириянын түндүгүндөгү Кобани шаарынын тегерегинде күрт күчтөрү менен “Ислам мамлекети” тобунун желдеттери арасында катуу салгылашуулар жүрүүдө.

Кабарларга караганда, согушчандар АКШ башындагы коалициянын абадан сокку урганына карабастан күрт калктуу шаарды көздөй үч багытта алга жылган. 2-октябрдын кечинде Түркиянын премьер-министри Ахмет Даудоглу экстремисттик топ өлкө чек арасына жакын Кобанини басып албаш үчүн Анкара колдон келгендин баарын жасайт деп билдирген. Андан бир аз мурда Түркия парламенти өкмөткө коңшулаш Ирак жана Сирияда аскердик операция жүргүзгөнгө уруксат берген. Парламент чет элдик коалицияга Түркиянын аймагынан “Ислам мамлекети” тобуна каршы операция жүргүзүүсүнө макул болгон. Азыр Түркияда Кобани аймагынан 160 миңден көп бозгун баш калкалоодо.

XS
SM
MD
LG