Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Путин ЕЭСти түзүү боюнча мыйзамга кол койду


Президент Владимир Путин Евразия экономикалык союзун түзүү боюнча Орусия, Беларус, Казакстан ортосундагы келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Путин 3-октябрда өкмөттүк жыйында жар салды. Береги келишимге жараша Евразия экономикалык союзу 2015-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт. Орусия башындагы Бажы союзунун негизинде түзүлгөн биримдик үч мамлекет ортосундагы экономикалык кызматташууну чыңдоону көздөйт. Үч өлкөнүн президенттери 10-октябрда Минск шаарында болчу жолугушууда аталган келишимди ратификациялаган документтерди алмашат.

Армения да болочокто Евразия экономикалык союзуна кошулууга бел байлаган. "Бардык төрт өлкө бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүшөт", дейт Орусиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Алексей Лихачев.

XS
SM
MD
LG