Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Албаниянын лидери акыркы 66 жылда биринчи ирет Белгардга барат


Албаниянын премьер-министри Эди Рама 20-октябрда Белградга расмий сапарга барат. Бул Албаниянын өкмөт башчысынын 1948-жылдан бери Сербияга биринчи жолу баруусу. Визит маалында Сербиянын түштүгүндөгү Пресово аймагында жашаган албандардын акыбалы жөнүндө сүйлөшөрүн Албаниянын тышкы иштер министри Дитмир Бушати 3-октябрда бышыктады.

- Пресовонун 35 миң элинин 90 проценти албандар. Рама ошондой эле Белградды Сербиянын мурдагы провинциясы Косовону төбөлсүз мамлекет ирети таанууга да чакырат,- деп билдирди Бушати.

Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан күнкорсуз деп жарыялаган.

Албаниянын Белгардга расмий визит менен барган акыркы лидери -коммунист-диктатор Энвер Кожо. Ал Югославиянын президенти Брос Тито менен кездешкен. Андан бир жыл өтпөй, 1949-жылы эки мамлекет арасындагы мамиле үзүлгөн.

Албания жана Сербия Европа Биримдигине талапкер макамын алышкан.

XS
SM
MD
LG