Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

ЕККУ, Украина жана Орусия өкүлдөрү Донбасста буфердик аймак түзүшүүдө


Украинанын чыгышындагы орусиячыл козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунан акыркы 24 сааттын ичинде эки украин аскери набыт кетти. Ишемби күнү өткөн маалымат жыйында өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко жарадарлардын саны такталып жатканын билдирди.

Акыркы сутканын ичинде орусиячыл козголоңчулар Донецк аэропортундагы, Павлополь жана Никишиндеги өкмөттүк аскер күчтөрүнүн тутумдарына үч жолу чабуул жасашканы маалым болду.

Учурда ЕККУ, Украина жана Орусиянын өкүлдөрү Донбасста эки тараптын ортосунда 30 чакырымдык буфердик коопсуз аймак түзүүгө киришти.

5-сентябрда Минск шаарында Украина бийлик өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар жолугушуп, анын жыйынтыгында өлкө чыгышындагы атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга жана эки тараптын ортосунда 30 чакырымдык буфердик аймак түзүү меморандумуна кол коюшкан.

Тынчтык келишими жарыялангандан бери эки тарап ортосунда бир нече жолу кагылышуулар болуп, ондогон адамдар набыт болду. Макулдашуунун сакталбай жатышына өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулар бири-бирин айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG