Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Түштүк жана Түндүк Корея ортосунда сүйлөшүүлөр жаңыланат


Түштүк жана Түндүк Корея жогорку деңгээлдеги расмий сүйлөшүүлөрдү жаңылоо боюнча макулдашты.

Эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр ушул жылдын февралында чек аралаш аймактардагы жаңжалдардын кийин токтоп калган.

Макулдашуу Пхеньян делегациясынын Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарынын жабылуу аземине кокустан жасалган сапары маалында жетишилди.

Делегацияны Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын эң жакын жардамчылары деп эсептелген эки жогорку даражадагы аткаминер жетектеп келген.

Түштүк Кореянын расмийлеринин айтымында, Түндүк Корея өкүлдөрү сүйлөшүүгө октябрдын соңунда даяр болушаарын ырасташты. Сеул менен Пхеньяндын ортосунда өткөн кылымдын элүүнчү жылдарында Корей жарым аралында болгон согуштан бери тынчтык келишимине кол коюла элек.

XS
SM
MD
LG