Жапониядагы Онтакэ тоосунда атылган вулкандан дагы төрт адамдын сөөгү табылганын жергиликтүү басымалар кабарлады. Ошентип өткөн жумада атылган вулкандан каза тапкандардын саны 51ге жетти. Учурда куткаруу иштерине миңге жакын кызматкер тартылып, тоодо жүргөн альпинисттерди алып түшүү чаралары уланууда.
Бийлик жанар тоо атылган аймакка жакын жашаган тургундарга коопсуздук чаралары тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, вулкан атылган аймакта 100дөй альпинист болгон.
Онтакэ тоосунун бийиктиги 3067 метр. Жети жыл мурун да ал жерден вулкан атылган. (TSh)