Бүгүн, 5-октябрда Бишкекте шаар тургундарына жолдо жүрүү эрежелерин, жол кыймылынын коопсуздугун сактоону үйрөткөн, шаарды жашылдандырып, таштандылардан арылтууга жана экологияны коргоого чакырган иш чара башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты. Быйыл үчүнчү жолу өтүп жаткан “Бейпил өтмөк” деп аталаган көчө фестивалы Киев көчөсүндө саат он бирден кечки алтыга чейин уланат.
Фестивалда ар кандай сынактар, спорттук мелдештер, концерттик программа, көчө театр оюндары жана көргөзмө-жарманкелер уюштурулган.
2012-жылы “Бейпил өтмөк” биринчи жолу Бишкекте Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги менен бирге өткөрүлгөн. (TSh)