Оштун 3014 жылдыгына карата бүгүн шаарда бир катар майрамдык маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.
2-октябрдан баштап Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо – тынчтык жана ынтымактын символу” аталышындагы маданий иш-чаралар коштолгон фестивал өтүп жатат. Фестивалдын жүрүшүндө театрлаштырылган көрсөтүүлөр, сүрөт көргөзмөлөрү, классикалык музыка концерти, элдик кол өнөрчүлүк жармаңкеси жана спорттук мелдештер уюштурулган.
Ошондой эле бүгүн бир катар социалдык объектилеринин ачылышы болот. Майрам кечкисин борбордук аянтта концерттик программа менен коштолот.
2000-жылдын октябрь айында Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси белгиленген. (TSh)