Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Гаитинин мурдагы диктатору «Бэби Док» көз жумду


Гаитинин мурдагы диктатору «Бэби Док» деген лакап ысымга ээ болгон Жан Клод Дювалье 63 жаш курагында жүрөк оорусунан каза тапты.

Кариб аралындагы жакыр өлкөнү 1971-жылдан тарта 1986-жылга чейин башкарган Дювалье 4-октябрда көз жумганын Гаитинин саламаттыкты сактоо министри жарыялады.

Дювалье президенттиктен кеткенден кийин 25 жыл куугунтукта жүрүп, өз өлкөсүнө 2001-жылы кайтып келген.

Ал 19 жашында бийликке келип, дүйнөдөгү эң жаш президент эсептелген. Өлкө лидерлигин ал атасы Франсуа Дювальеден өткөрүп алган.

Ата-баланын башкаруу мезгили тарыхка эң кандуу жылдар катары кирип калды. Алардын “тонтон макут” деп аталган президенттик гвардиясынын жоокерлери учурунда 69 миң адамга чейин кырганы айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG