Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Гонконг: бийлик менен студенттер сүйлөшүүгө даяр


Гонконг бийлиги жана наарызылык акциясынын башында турган студенттер каршылашууну токтотуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдиришти. Бир аптадан ашык созулган наарызылык акциясынын айынан борбордук көчөлөр жабылып, шаар жашоосунун ыргагы бузулду.

Гонконг администрациясынын башчысы Лян Чжэнъин ишембиде демонстранттарга кайрылып, шаар көчөлөрү дүйшөмбүгө чейин тазаланбаса, полиция баарын күч менен таркатууга мажбур болоорун айткан.

Бул билдирүүгө карабастан студенттер көчөлөрдү бошотуша элек. Маалы менен полиция жана демонстранттар ортосунда кагылышуулар орун алууда.

Наарызылыкка чыккан он миңдеген гонконгдуктар Кытай өкмөтүн 2017-жылкы жергиликтүү шайлоодо бийликке өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоодо деп айыптап, аймакта демократиялык шайлоо өтүшүн талап кылууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG