Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады.
Куттуктоо телеграммасында тажикстандыктар мамлекеттин баардык тармактарындагы ырааттуу өнүгүүнү жана мындан аркы гүлдөп-өсүүнү Эмомали Рахмондун ысымы менен байланыштыраары белгиленген.
Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонго чың ден-соолук тилеп, анын Тажикстан элинин бакубатчылыгына жана өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик ишмердигине ийгилик каалады.
Эмомали Рахмон 62 жашка толду. Ал Тажикстанды 1994-жылдан бери бакшкарып келе атат. (TSh)