Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Пхенян: Ким Чен Ындын саламаттыгы жайында


Расмий Пхеньян Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саламаттыгы тууралуу ушактарды четке кагып, анын ден-соолугу жайында экенин билдирди. Бул сөздөрдү Түндүк Корея делегациясы менен жолуккан соң Түштүк Кореянын бийлик өкүлү Рю Гиль Чже да ырастады. Ал “Мен коңшу өлкөнүн лидеринин абалы тууралуу сурап, анын ден-соолугу жакшы экенин билдим» деп айтты.

Жолугушуу Пхеньян делегациясынын Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарынын жабылуу аземине кокустан жасалган сапары маалында өттү. Анын жыйынтыгында эки өлкө өкүлдөрү жогорку деңгээлдеги расмий сүйлөшүүлөрдү жандандыруу боюнча макулдашты.

Ким Чен Ындын ооруп жаткандыгы тууралуу сөздөр ал бир ай көрүнбөй калгандан кийин тарап кеткен. Түндүк Кореянын медиа каражаттары отуз бир жаштагы лидер сыркоолоп калганын гана айтышып, ооруусу тууралуу кеңири маалымат беришкен эмес.

Акыркы кезде ал сылтып басып жүргөнү айтылып келген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG