Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Пакистан талиптери «Ислам мамлекетин» колдоорун жарыялады


Пакистандык талибдер Ирак жана Сириядагы өзүлөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган уюмга колдоо көрсөтүү үчүн өз согушкерлерин жиберерин билдирди.

Маалымат агенттиктерине жиберген катында Пакистандагы “Техрик- и-Талибан” уюмунун өкүлү Шахидулла Шахид Жакынкы Чыгыштагы жихад уюмдарын коомдун кызыкчылыгы үчүн биригүүгө чакырган.

“Техрик- и-Талибан” уюму 2007- жылы түзүлүп, өзүн расмий түрдө Аль-Каиданын өнөктөшү катары жарыялаган.

Шахид “Франс-Пресс” маалымат агенттигине белгисиз жерден телефон аркылуу байланышып, "ИМ" уюмуна көмөктөшүү максатында буга чейин 1500 миңдей согушкер жибергенин айткан.

“Согушкерлерге жардам берүү үчүн можахеддерди жиберүүнү улантабыз. Биз аларды толугу менен колдойбуз, анткени бул уюм исламга кызмат кылуу үчүн түзүлгөн деп эсептейбиз”- деп айтты ал.

Аналитиктердин айтымында, “ИМ” Пакистанга кирүүнү көздөөдө. Буга чейин алардын аракети өлкөнүн түндүкө батышындагы Пешавар шаарынын базарларында баракчаларды таратуу менен чектелип келген.

XS
SM
MD
LG