Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Сириядагы согушкерлер стратегиялык жерлерди ээлеп алышты


“Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери Түркия менен чек арадагы сириялык Кобани шаарынын айланасындагы бир катар стратегиялык бийиктиктерди ээлеп алышты. Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча мониторинг тобу маалымдаганына караганда, согушкерлер жекшембиге караган түнү күрттөрдүн өзүн өзү коргоо бөлүктөрү жана сириялык козголоңчулар менен кармаштан кийин Миште-Нур деген жердин түштүгүн көзөмөлгө алышты.

Маалымат агенттиктери белгилегендей, экстремисттердин Сириядагы турумдарына сокку уруп келаткан коалициянын күчтөрү согушкерлерди токтото алышкан жок. Ушул аптада Кобани шаары үчүн салгылашуу башталгандан бери Түркияга 180 миңдей сириялык күрт качканы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG