Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, “акылдуу эсептегич” орнотулгандардын 40 миңден ашыгы электр энергиясын бир фазадан пайдалангандар. Министрлик мындай улам электр энергиясын пайдалануудагы жоготуу былтыркыга караганда 2 пайызга азайганын билдирүүдө.
Буга чейин өкмөт “акылдуу эсептегичтер” электр энергиясын колдонуудагы уурдоону азайтаарын билдирген. Бирок айрым колдонуучулар булардын ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып чыгышкан.(BkA)