Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Түштүк Вазиристанда беш өзбек согушкери жок кылынды


Жекшембиде АКШнын пилотсуз учагы урган соккудан Пакистандын Түштүк Вазиристан аймагындагы беш согушкер жок кылынган. Ал тууралуу Рейтер агенттиги өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып маалымдады.

Бул сентябрь айынын соңунан бери АКШ тарабынан жасалган алгачкы аба соккусу. Өлтүрүлгөн согушкерлердин өздүгү аныкталган. Алардын баарынын улуту өзбек экени, бири талаа командири болгондугу кабарланууда.

Пакистандын өкмөттүк аскерлери Түндүк Вазиристанда согушкерлер менен күрөшүн ушул жылдын май айында баштаган болчу. Азыркы мезгилге карата миңге жакын согушкер өлтүрүлгөнү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG