Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:28

Тажикстанда үч жүзгө жакын сайт ачылбай калды


Кабарларга ылайык, 5-сентябрда Тажикстандын аймагында бери дегенде 300дөй интернет ресурстары ачылбай калган. Мамлекеттик Байланыш кызматы интернет сайттарды тосмолоого байланыштуу кандайдыр бир көрсөтмө берилбегенин билдирүүдө.

Ошондой болсо да такжистандыктар эки күндөн бери дээрлик баардык социалдык тармактарга кире албай жатышканын айтып чыгышты.

Ал эми Тажикстандын интернет-провайдерлер ассоциациясынын жетекчиси Асомиддин Атоевдин “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргенине караганда, учурда республикада 200гө жакын интернет сайттары ачылбай жатат. Атоев анын себептери анык эместигин, азырынча атайын буйрук менен интернетти чектөө болгону беймаалым экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG