Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:18

Медицина тармагы боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылды


Стокгольмдо Нобель сыйлыгы боюнча комитет быйылкы жылдын алгачкы лауреаттарын атай баштады. 2014-жылдын медицина тармагы боюнча сыйлыгы адамдын мээсине жасаган изилдөө иштери үчүн АКШ-Британия окумуштуусу Жон О'Киффге, норвегиялык окумуштуулар Мэй-Бритт Мозерге жана анын күйөөсү Эдвард Мозерге ыйгарылды.

Алар сыйлыкка мейкиндикте адам кантип ордун аныктай турганы боюнча мээ клеткаларын изилдеген иши үчүн көрсөтүлгөн.

Нобель жумалыгы медицина жана физиология багытындагы лауреаттарды аныктоо менен башталаары салтка айланган. Кезектеги лауреаттар: физика тармагы боюнча жеңүүчүлөр 7-октябрда белгилүү болсо, анын эртеси күнү химиктердин аты аталат. 10-октябрда Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылса, 13-октябрда экономика тармагындагы лауреаттар анык болот.

Ар бир сыйлык ээсине 8 миллион швед кронасы (1,1 млн.АКШ доллары)
кошо ыйгарылат.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG