Орус рублинин АКШ долларына катышы рекорддук төмөндөөгө жетти. Бүгүн Москвадагы сатыктар ачылаары менен 1 доллар 40 рубль 4 тыйындан сатыла баштаган. Орусияда евронун баасы да өстү, евро бүгүн 22 орус тыйынына кымбаттап, 50 рубль 15 тыйынды түзгөн.
Рублдун куну акыркы үч айда тездик менен качууда. Ушул жылдын июль айында эле 1 АКШ доллары 34 рублга бааланып жаткан.