Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Кесиптик кошуундун кызматкерлери митинг өткөрөт


Бүгүн Бишкекте Кесиптик кошуундардын лидерлери Татыктуу эмгек үчүн аракеттердин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата митинг өткөрүшөт. Уюштуруучулардын маалымдашынча, акциянын алкагында жеңил жана текстил өнөр жай кызматкерлеринин колунан чыккан буюмдардын жармаңкеси болот. Ошондой эле эмгекчилердин ишин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларынын 70 пайызы оор абалда. Бул тууралуу “Азаттыкка” өндүрүш жана ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 600гө жакын өнөр жай ишканасы катталган. Бирок алардын 70 пайыздан ашыгы банкроттук абалда турат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG