Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Армияга чакырылган уландар кызмат өтөй турган жерлерине жөнөшөт


Бүгүн Кыргызстандын булуң-бурчунан аскерге чакырылган уландар Бишкектеги Республикалык чогулуу пунктунан бир жыл бою кызмат өтөй турган аскер бөлүктөрүнө жөнөп кетишет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы штабдын Аскерге чакыруу башкармалыгынын башчысы Арстанбек Керималиев кабарлады.

Анын айтымында, армияда уставдык эмес мамилелерди болтурбоо максатында былтыр күзүндө аскерге чакырылгандар менен быйыл кызмат өтөй тургандар аскер бөлүктөрүндө жолугушпайт.

- Былтыр бир жылга келгендер кетип, алардын ордуна быйыл кызмат өтөй тургандар келет. Эл арасында көйгөйлүү маселе “дедовщина” экени айтылып келатпайбы. Ошондой көрүнүштү жоюу максатында бир жылы чакырылгандар гана кызмат өтөй тургандай кылдык.

Арстанбек Керималиев бул күнү салтанаттуу митинг өтө турганын кошумчалады. Ага Башкы штабдын, Борбордук ардагерлер кеңешинин, Жоокерлердин энелеринин коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, аскерге чакырылып жаткан уландардын жакындары катышып, соңунда концерт уюштурулат.

Күзгү чакыруу жараяны 1-октябрда башталган жана 31-декабрга чейин уланат. Башкы штабдан кабарлашкандай, быйыл аскерге 4 миң улан чакырылды.

Саламаттыгы жайында уландар аскердик кызматты келишимдик негизде бир жылдык мөөнөттө өтүшөт. Аскерден качкандарга 25 миң сом айып пулдан баштап, 6 айга чейин эркинен ажыратуу каралган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG