Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Бүгүн журналист Анна Политковскаянын өлгөнүнүн сегиз жылдыгы


Бул датага байланыштуу Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Политковскаянын элесине “Анна үчүн гүлдөр” деген аталыштагы акция өткөрөт. Анын алкагында каалоочулар Политковская иштеген “Новая газетанын” редакциясына акцияга кошулган гезиттерден жасалган гүлдөрдү алып келишет.

Анна Политковская 2006-жылы Москвада үйүнүн алдында атып өлтүрүлгөн. Бирок өлтүрүүгө буйрутма бергендер ушул кезге чейин белгисиз. (ZMa)

XS
SM
MD
LG