Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзам долбоору каралат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулук менен күрөш комитети айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карай баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Турсунбай Бакир уулу билдирди.

“Ар-намыс” фракциясынын үч депутаты: Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев өз уставындагы ыйгарым укуктардан аша чаап, саясий ишмердүүлүк менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдар чет элдик тыңчы катары кабыл алынышы керек деген демилге көтөрүүдө. Бул үчүн алар "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", “Юридикалык уюмдарды жана филиалдарды каттоого алуу жөнүндөгү” мыйзамдарга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышууда.

Мыйзам долбоору чет жерден каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарды "чет элдик тыңчы" деп табуу максатын көздөйт. Турсунбай Бакир уулу бул мыйзам долбоорун алып чыгууга бейөкмөт уюмдардын саясатка аралашып жатканы себеп болгонун айтты.

Мыйзам долбоору жарандык коомдун сынына кабылган. “Кылым шамы” жана “Ачык позиция” бейөкмөт уюмдары Жогорку Кеңештин депутаттарына жана төрагага кайрылуу жолдоп, ал мыйзам долбоорун кароодо эл аралык эрежелерге көңүл бурууга чакырышкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG