Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Испаниялык медайым Эбола вирусун жуктуруп алды


Бул Африка өлкөлөрүнө барбай туруп ушул илдетке чалдыккан биринчи учур болууда. Испаниялык медайым Эбола вирусуна чалдыгып, кийин каза болушкан дин кызматкери жана Сьерра-Леонеден кайтып келген миссионерди карап жүргөн.

Бул илдетке коопсуздугу начар камсыздалган Африка клинакаларында эле эмес, АКШ жана Европанын медициналык борборлорунда да жуктуруп алуу коркунучу бар экени негизги маселе катары каралууда. Испаниянын Саламаттыкты сактоо министри Ана Мато илдетти жуктуруп алуу жолдору текшерилип жатканын айтты.

Мурдарак Эбола вирусун жуктуруп алган бешинчи адам АКШга жеткирилгени кабарланган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, бул вирустан 3400дөн ашуун адам каза болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG