Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 00:39

МАГАТЭ менен Тегеран сүйлөшөт


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен Тегерандын сүйлөшүүсү бүгүн өтөт. Агенттиктин башкы директорунун орун басары Теро Варьоранта башында турган делегация Ирандын атомдук программасы боюнча чечилбеген суроолорду сүйлөшөт деп күтүлүүдө.

Буга чейин МАГАТЭнин шектүү өзөктүк программасына тиешелүү суроолоруна Тегеран жооп берген эмес.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков дүйнөлүк державалар менен Ирандын ядролук программасы боюнча келишими 24-ноябрда жетишилиши мүмкүн экенин 6-октябрда Москвада билдирген. Ал эми Европа биримдигинин саясий иштер боюнча комиссары Федерика Могерини Брюсселде белгиленген убакта келишим түзүлбөй калса кийинкиси татаал болорун белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG