Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Кара-Кечеде көмүрдү көзөмөлдөө жайы ачылды

Кара-Кече кенинде көмур казуу ишин көзөмөлдөө үчүн атайын пункт ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында блокпостто милиция жана салык кызматынын өкүлдөрү турушат.

- Биз көмүр кендин ишин жөнгө салууга буга чейин сөз бергенбиз. Эми ошого ылайык блокпостту орноттук. Кара-Кечени дагы эле “каралар” тейлеп жатат деген маалымат чындыкка коошпойт. Карьердин иши мындан ары да тыкыр көзөмөлдөнөт - , деди Кайыпов.

Кара-Кече өлкөдөгу эң ири көмүр кендеринин бири. Буга чейин аталган жайда көмүр казуу ишине кылмыштуу топтор аралашып, чыр-чатактар байма-бай чыгып келген. (UEz)

XS
SM
MD
LG