Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Физика боюнча Нобель сыйлыгы жапониялык окумуштууларга берилди


Физика боюнча Нобель сыйлыгы энергияны аз талап кылган көгүлтүр диоддорду ойлоп тапкан жапониялык окумуштуулар Исама Акасаки, Судзи Накамура жана Хироси Аманого ыйгарылды.

“Кызыл жана жашыл диоддор мурда ойлонулуп табылган. Бизге көгүлтүрү жетишпей жаткан болчу. Үч диодду кошкондо ак түс жаралат. Андай лампаны узак убакытка колдонуу болот. Бул башка технологияларды алмаштырат. Мисалы смартфонду”, - деди Нобель комитети.

Кечээ, 6-октябрда 2014-жылдын медицина тармагы боюнча сыйлыгы адамдын мээсине жасаган изилдөө иштери үчүн АКШ-Британия окумуштуусу Жон О'Киффге, норвегиялык окумуштуулар Мэй-Бритт Мозерге жана анын күйөөсү Эдвард Мозерге ыйгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG