8-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 3...8,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 3...8,
Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 8...13,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 8...13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 4...9,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11,
Бишкекте жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 6…8 градус жылуу болуп, кечке жакын 3 градуска чейин төмөндөйт.