Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Сулайман-Тоодо баңгилер көбөйгөнү айтылууда


Сулайман-Тоодо ишембилик өткөргөн жаш активисттер аталган аймакта маңзат үчүн колдонулган шприцтердин саны көбөйгөнүн айтып чыгышты. Алардын айтымында, Сулайман-Тоодогу баңгилердин көбөйүшү зыяратчылар үчүн кооптуу.

Бирок Сулайман-Тоо музей комплексинин жетекчи орун басары Роза Шаимова бул көрүнүш мурдагыдан кыйла жакшырды деген пикирде. Ош шаардык милициясынын маалыматында касиеттүү тоонун аймагында мындан эки-үч жыл мурда маӊзатты ашыкча колдонуудан каза тапкандар да катталган, бирок акыркы жылдары бул көрсөткүч кыйла азайган.

Сулайман-Тоого түнкү Ошту көрүүгө чыккандардын көбүн жаштар түзөт. Жыл башынан бери бул жайга келген туристтердин саны 70 миӊден ашкан.(YI)

XS
SM
MD
LG